Жогорку Кеңештин Конституциянын 30 жылына арналган жыйынынан кийин төрага Нурланбек Шакиев сөз сүйлөдү. Ал жыйындын катышуучуларына ыраазычылык билдирди. 

"Бизде демократия - ким оюна келгенин, каалаганын сүйлөйт. Бир ораторубуз "мен бул күнгө келбейт элем" деди, бирок келди. "Мен катышпайт элем" деген, бирок катышып отурат. Мындай учурду белгилеп коюш керек. "Бийликке түкүрдүм" дейт, а өзү бийликтин бир бутагы болгон парламенттин депутаты болуп отурат. Өзүнүн бетине өзү түкүрөт. Биз ошондой ачуу-таттууну ачык айтып коюшубуз керек. Анткен менен биздин жыйын өз максатына жетти деп ойлойм", - деди Шакиев.