Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова эки райондун акимдерин кызматтан четтеттүүнү сунуштады. 

Айтымында, Баткен жана Лейлек районунун акимдери кызматтык милдеттерин татыктуу алып кете албай жатат. 

"Буга чекит коюш керек. Алар райондорду калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен бөлүнгөн 500 миллион сомду өздөштүрүп, ишти жолго коюп кете албай жатышат. Алар үчүн баары тамаша, өз көлөкөлөрүнөн коркушат. Мындай акимдер керек эмес, жоопкерчилигин кароо зарыл. Аким болуу мураска калган кызмат эмес. Жергиликтүү калктын маселесине кайдыгер карагандарга акимчиликте орун жок. Алардын ордуна күчтүү менеджер, практиктерди коюу керек", - деди Нарматова.