Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Хорватиянын Загреб шаарында Европа мамлекеттеринин башчыларынын жубайларынын жана жолдошторунун Саммитинин ишине жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймагында балдардын семирүүсүн алдын алуу Тармагын түзүүгө катышты.
Иш-чарага ошондой эле Армениянын премьер-министринин жубайы Анна Акопян, Албаниянын премьер-министринин жубайы Линда Рама, Болгариянын президентинин жубайы Десислава Радева, Венгриянын президентинин жолдошу Иштван Аттила Вереш, Испаниянын ханышасы Летиция, Латвиянын президентинин жубайы Андре Левите, Мальтанын премьер-министринин жубайы Лидия Абела, Түндүк Македониянын президентинин жубайы Элизабета Гёогиевская, Сербиянын президентинин жубайы Тамара Вучич, Словениянын президентинин жолдошу Алеш Мусар катышты.