Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев маалымат каражаты жарыялаган документ тууралуу маалымат берди. Ал докуметтин жасалма экенин белгилеп, коомчулукту мындай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. 

"Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо.

Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан Төраганын атын жаман аттуу кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз", - деди Деркембаев.

"Политклиника" сайты спикер Нурлан Шакиевге таандык делген катты жарыялаган. Сайт документке коюлган кол тамга спикердикине окшош экендигине басым жасаган. Кат баш прокурорго багытталган жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин атын калыбына келтирип берүүнү өтүнгөн. 

Аталган сайт кат кантип редакцияга келгенин жарыялаган эмес. Кол тамганын окшоштугун белгилеп, спикерге тиешелүү кылган. Окшош кол тамга коюу эч кимге кыйынчылык туудурбашы белгилүү. Мындан улам жөн гана коомчулукка резонанс жасап, маалыматты өтүмдүү кылуу аракети болуп жатканынан шектенүүгө болот.