"Кайрымдуулук жасоо - ар бир адамдын жүрөгүндө", - деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда эл менен жолугушкан учурунда.
Эске салсак, бүгүн, 4-майда Сузак районундагы 4 балалуу үй-бүлөгө курулуп жаткан үй бүткөрүлүп, үй ээлерине тапшырылды. Төрт-баланын ата-энеси ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Камчыбек Ташиевге эки кичинекей кыз жардам сурап кат жазган. Белгилей кетчү нерсе, үй УКМК төрагасы, бир туугандары жана балдары менен чогуу жеке каражаттарына курулду.
"Кайрымдуулук кылам деген адам кызматы болобу, болбойбу, кандай болбосун ага мүмкүнчүлүк табат. Кайрымдуулук кылганды көрө албай ар түрдүү сөздөрдү айткандардын баарына Кудай ынсап берсин. Алар да элге жардам бергенди үйрөнүшсүн. Мамлекетте жасалып жаткан жакшы иштерди көрбөстөн президентибиз Садыр Нургожоевичтин дарегине жаман сөздөрдү айткандар бар. Бирок Кудай буйруса ал сөздөрдүн баары жакшы сөзгө айланат. Көралбастык кылып сүйлөгөндөрдү бизде "сагызган" деп коет, "сагызгандар" группасы эч убакта жакшылык кылган эмес жана кыла да албайт", - деди Камчыбек Ташиев.