3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кооперативдер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Жыйында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков сунушталган мыйзам долбоору боюнча маалымат берип: “Бүгүнкү күндө турак жай кооперативдерине кошулуу аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылууда. Ошол эле учурда турак-жай курулуш кооперативдерине акчалай салымдардын эсебинен акчасын жоготуп, кыймылсыз мүлксүз калган жарандардын саны өсүүдө. Андыктан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, көзөмөл иштерин күчөтүү аракети көрүлүүдө”, – деди.

Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев Кыргызстандагы каржы пирамидасы менен алектенген кооперативдерге карата козголгон кылмыш иштери, алардан жабыркаган жарандар жана келтирилген чыгымдар тууралуу суроо узатты.

Өз кезегинде башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева 2576 кылмыш иши козголгонун айтып, жалпы чыгым 1 млрд 300 млн сомдун тегерегинде болгонун белгиледи.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов мыйзам өтө керек экенин айтып, айрым турак-жай кооперативдеринен ишине байланышкан жагдайларга токтолду.

Андан тышкары, депутат Русланбек Жакышов кооперативдерден карапайым жарандар жабыркап жатканын билдирип: “Кыргызстанда канча турак-жай кооперативи бар? Алар мүчөлөрүнүн саны канча?” – деп сурады.

Кыргызстанда 6 жарым миңдей кооператив бар экенин айткан юстиция министринин орун басары: “Алардын ичинен 162си турак-жай кооперативдери болуп саналат. Ал эми мүчөлөрү боюнча мамлекетке маалымат беришпейт. Бул мыйзам менен ошол каттоону да жүргүзүү маселесин камтый кетсек деген сунуштар бар”, – деди.

Ошондой эле депутат Марат Мураталиев шылуундук менен алектенгендердин катарында эч бир мамлекеттик каттоодон өтпөгөн уюмдар да бар экенин айтып, бул жаатта да көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.