Бүгүн, 2-майда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүшүп, жетекчи Атыр Абдрахматованын кемчиликтерин айтышты. 

Акыйкатчынын  борбордук аппаратынын мурдагы кызматкери Азим Акматовдун айтымында, Абдрахматованын акыйкатчы кызматына келиши менен эмгек жамааттын арасында жагымсыз маанай орун алган. Бул өз кезегинде өлкөнүн башкы укук коргоо органынын ишине терс таасирин тийгизип жатат.

“Биздин кайрылуубузду саясатташтырбаңызды суранабыз. Акыйкатчы институттун ички иштери боюнча гана кайрылуу жасап жатабыз. Жетекчи Атыр Абдрахматова кызматка келгендер бери жумушка өз убагында келген жок, түштөн кийин келет. Өзү кеч келип, арыздарды карап жатып, кечки саат 9-11лерге чейин отура берет. Эртең менен келген кызматкерлерди дагы жумуштан кое бербей кармап отурат. Акыйкатчынын орун басары бүгүнкү күнгө чейин жок: талапкерди өзү көрсөтпөйт же сунушталган кишини өткөрбөйт. Азыр бир эле орун басары иштеп жатканы менен ага документтерге кол койдурбай, арыздарды караттырбайт. Абдрахматованын жылдык баяндамасы парламенттен өтпөй калды, эми мыйзам боюнча жөн эле отурган орун басары дагы кызматтан кетиши керек. Ал 20 жылдан бери иштеп келген мыкты кызматкер”, - деди Акматов.

Ал белгилегендей, жетекчи кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик каражатты туура колдонбой келүүдө. Бул боюнча институттун кызматкерлери Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок башкы көзөмөл орган кайрылууну караган эмес. Жакында Абдрахматова Жогорку Кеңеште отчет берип жатып Башкы прокуратура ишмердүүлүгүн эки жолу текшерип, экөөндө тең мыйзам бузуу таппаганын билдирген. Акматовдун айтымында, ал текшерүү  жарандардан келген арыздардын канчасы каралып-каралбаганы боюнча жыл сайын өтүүчү кадимки текшерүү.

"Ведомство аралык текшерүүнүн жүрүшүндө кадрдык бузуулар: мыйзамсыз кызматтан алуу, басым болгону айтылган. Ал учурда Абдрахматова башкы прокурорго ведомство аралык комиссияга каршы арыз менен кайрылган. Анан комиссиянын ар бир мүчөсүн Башкы прокуратурага чакырышып, “эмнеге антип жазып койдуңар, ким жаз деди?” деп сураган”, - деди Акматов.

Дагы бир кызматкер Нуржан Бообекова дагы Абдрахматованын тушунда кызматтан бошотулган, учурда соттошуп жатат. Анын айтымында, бир айда эле 30дан ашуун кызматкер иштен алынган. Алар Жогорку Кеңешке кайрылуу жасашкан. Бул убакта Бообекова Акыйкатчылыкта иштеп жүргөн убагы болгон. Ал кайрылууга иштеп жаткан кызматкерлерден бир гана өзү кол койгон. Мындан улам жетекчиликтин кысымында калып, акыры иштен кетүүгө аргасыз болгон. 

“Кызматтан кеткенден кийин алар Жогорку Кеңешке кайрылуу жасаган. Ошол маалда институтта иштеп жаткан кызматкерлердин ичинен бир гана мен кол койгондуктан, мага дагы басым күчөп, мени да кызматтан алды”, - дейт Бообеков.

Эске салсак, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар акыйкатчы Атыр Абдрахманованын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жылдык отчетун кабыл алган эмес.

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) жөнүндө" мыйзамдын №7-беренесине ылайык, акыйкатчынын жылдык отчету Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылбаса, омбудсмендин жана анын орун басарларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.