Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Баткен облусунда “Тынчтыкты сактоо боюнча аялдардын активдүү уюмдары менен диалог” аттуу иш-чарага катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйынга вице-спикер Жамиля Исаева, форумдун төрайымы Миргүл Темирбаева, Социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева, эл өкүлдөрү Шарапаткан Мажитова, Лейла Лурова, Гүлшаркан Култаева, Айгүл Айдарова, Нулифар Алимжанова, Жылдыз Таалайбек кызы, Баткен облусундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аял активисттер жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат.