Экстрадациялоо маселесин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү.
Ал кечээ Акүйдүн алдында болгон митинг тууралуу пикирин билдирди.
"Кечээ Акүйдүн алдына 7 облустан 200дөй ата-эне келди. Алардын балдары Россиянын абактарында жазасын өтөп жатышыптыр. Ата-энелер президент менен жолугушууну каалашып, бирок кире алышкан жок. Башка өлкөлөрдүн абактарында жаткан мекендештерди "Вагнер" сыяктуу компаниялар азгырып, согушка тартууга аракеттенип жатышат. Ошондуктан ата-энелер тынчсызданып жатышат. Алар балдарынын сөөгү келе электе Кыргызстандын абагына которуу өтүнүчүн айтып жатышат. Буга чейин бир нече мекендештердин сөөгү согуштан келди", - деген депутат экстрадация маселесине Жогорку сот, Башкы прокуратура ыкчам чараларды көрүшү керектигин белгиледи.
Айтымында, учурда 1064 кыргызстандык Орусиянын абактарында отурат. Ал эми тергөө иштери жүрүп жаткандарды кошкондо эки миңден ашат.