Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинен колдоо тапты.
Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Атыр Абдрахматованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуштаган.
Акыйкатчынын Жогорку Кеңештеги отчетун 14 депутат "макул", 41 депутат "каршы" деп добуш берүү менен баалаган.
Атыр Абдрахматова өлкөгө башаламандык уюштурууга аракеттенгендердин укугун коргоп чыккан. Андан тышкары Акыйкатчылыктын эмгек жамааты ага каршы чыгышкан. Ошондой эле бир жылдык ишмердүүлүгү боюнча берген отчету дагы канааттандыраарлык болгон эмес.