Билим берүү жана илим министрлиги келерки окуу жылына Кыргызстандын ЖОЖдоруна 6 миң гранттык орун бөлүүнү сунуштоодо. Буга байланыштуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоордо Билим берүү жана илим министрлигине караштуу ЖОЖдор үчүн 6 миң мамлекеттик билим берүү грантынын 4 миң 652 ордун бөлүү сунушталган.
Калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар аркылуу каржыланат:
- Ички иштер министрлиги – 130;
- Саламаттык сактоо министрлиги – 380;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 210;
- Коргоо министрлиги – 125;
- Тышкы иштер министрлиги боюнча — 20.