- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандеми дейбизби же биргелешкен иш аракетиби, өлкөгө кандай пайдасын тийгизүүдө? Алар бийликке келгенден кийин кандай өзгөрүүлөр орун алды деп айта аласыз?

- Бийлик үчүн тээ байыртадан бери эле тирешүү, таймашуу катуу жүрөрү белгилүү. Ошондуктан кез - кезде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилесине доо кетиптир деген сыяктуу сөздөр чыгып калып жатат. Мындай маалыматтарды бийликтин каршылаштары тарабынан болуучу мыйзам ченемдүү көрүнүштөй кабыл алсак болот. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугу бекем, алар  ак кан достор. Алар муну көп жыл мурда эле далилдеп коюшкан. Экөө азыр мыкты иштеп жатышат...

Өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү ар бирибиз өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Кечээ эле президент кайтарымсыз жүз миң сомдон алган аз камсыз болгон үй -бүлөлөрдү кыдырып, насыя туура берилгенин, алган акчаны ким, кандай иштетип жатышканын өз көзү менен көрүп, таанышып чыкты. "Кокуй, президент келет экен" дедирип дүрбөтпөй эле барды. Бул эң сонун көрүнүш. Садыр Жапаров элдик президент экенин дагы бир жолу жөпжөнөкөй жол менен далилдеп койду.

Камчыбек Ташиев дагы жанын сабап коррупция менен күрөшүп жакшы иштеп жатат. Көрүп жатабыз күнүгө куру эмес, күнүгө коррупционерлер кармалып жатат. Бул деген  эмнени билдирет. Коррупцияга белчеден  батып калганыбыздын белгиси. Эң негизгиси сот, прокурор, салыкчылардын ич ара түзүп алган коррупциялык системалуу кылмыштуу каналдарынын бети ачылып, кармалып жатышат...

Ушундай айосуз кармашта ушак айың кеп тараткан бузукулар болбой койбойт! Бузукуларга көңүл бурбай коррупцияга каршы улуу жолду улай бергени жакшы.