Жалал-Абад шаарында талапка жооп бербеген машыгуу жайлары жабылды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы билдирди.
Анда айтылгандай, шаар аймагындагы спорттук машыгуу жайларынын жана спорт мектептеринин ишмердүүлүгү жана санитардык абалын текшерүү максатында атайын түзүлгөн комиссия тарабынан рейд өткөрүлдү.
Рейд учурунда 10дон ашуун спорт мектептери, машыгуу жайлары текшерилип, машыктыруучулардын адистигин тастыктаган дипломдору, санитардык талаптардын сакталышына көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен санитардык талаптар сакталбаган жана диплому жок машыктыруучулар иштеп жаткан 2 спорттук машыгуучу жай жабылды. Ошондой эле айрым машыгуу жайларына балдар үчүн шарт жаратуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Мындай текшерүүлөр алдыда байма-бай уюштурулат.