Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, жер титирөө 26-апрелде саат 23:23 чамасында болгон. 

Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Ал Тогуз-Торо районунун Кара-Суу, Табылгыты жана Өрнөк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.