Буга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Өзбекстандын 225 миң жараны Кыргызстанга туруктуу жашоо үчүн көчүп келгени расмий айтылган. Бул көрсөткүч мында ары да күчүндө болот окшойт. Айтайын дегеним, ушул жылдын 1-кварталында Өзбекстандын 53 миң жараны өлкөбүзгө келип, каттоого туруптур. Бул маселе тийешелүү мамлекеттик органдарды ойлондуруп атабы, жокпу билбейм. Бирок мени ойлондурууда…

Өзбекстандан келип жаткандар кимдер? Этникалык кыргыздарбы? Өзбекстанда баардыгы болуп 500 миң этникалык кыргыз болсо, алардын жарымы бир жылда көчүп келген болобу? Андай болушу мүмкүн эмес, анда алар кайсы этностун өкүлдөрү?

Этникалык кыргыздардын Кыргызстандан башка барар жерлери жок, биз аларды кабыл алганга милдеттүүбүз. Бирок алардын басымдуу көпчүлүгү башка этностордон болушса, акырындап биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурбайбы? Андай агым токтобосо кыргыздар өз мекенинде азчылыкка айланып кетпейби? Андай көрүнүштү бир да мамлекет каалабайт. Бул жагынан эң демократиялуу делген өлкөлөр да катуу чектөөлөрдү киргизишет.

Демек, биздин тийешелүү мамлекеттик органдар да бул жагдайга өзгөчө көңүл буруп, улуттук коопсуздук маселесинин алкагында карап, тийешелүү чечимдерди кабыл алышы зарыл го. Улуттун, өлкөнүн коопсуздугу эң башкы маселе болушу кажет.

 

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист