ФБнын колдонуучусу Баян Жумагулова паранжа жамынгандар тууралуу талкууну андан ары улап "алты миллион кыргыздын ичинде көп болсо 600 паранжа жамынгандар бар. Аларды эмне эле жектеп жатасыңар" деген пикирге жооп берди.
- Фашисттер Германияда бийликке келген 30-жылдарда да немисттердин көбү ушинтип ойлошкон. "Пусть маршируют себе, песни поют, хрен с ними, пусть горланят! Скоро перебесятся, придурки" деп.
Бирок алардын көпкөнүнүн арты эмне болгонун көрдүк го! Фашисттердин бийлиги кандай кан төгүүгө алып келгени али жадыбызда.
Эртең бет деген "уят нерсе" деп кыз-келиндерибизге паранжа жамынтып жаткан ашынган динчилдер бийликке келсе эмне болобуз деп ойлоносуңбу?
Булардын артында Кыргызстанды орто кылымдагы Халифат кылып, маңкуртташтырып, байлыгын соруп, өзүлөрүн макулук-кул кылып алабыз дегендер турбасын деп шектенген жоксуңбу?
Алардын максаты Кыргызстан элин динге баш оту менен киргизип, бу дүйнөдөн кечтирип, тиги дүйнөнүн эле камын көрдүрүп, өлүмгө даярдык уруп, сооп, упай топтоп күн көргөн макулук кылып, кыргызды түп - тамыры менен жоготуу экени оюуңа келген жокпу?
Дегеле булар беттерин эмнеге жабат деген ой келдиби сага?
Бетин киши эмнеге жабат? Куранда бетиңди жап деген бир да сүрө жок.
Туура! Бетин киши өлтүргөндөр, жамандык кылган же кылайын деп пландаштырып жүргөн кишилер таанылбас үчүн жабат!
Көзүнөн бери кара жамынып алып, үйүр тобу менен жүргөн ургаачылар кимден эмнесин жаап-жашырып жүрүшөт?
Өзүнөн сынамакка сурап көрчү, кайсы сүрөө менен түшүндүрөт экен, Кудай берген жүзүн эмнеге жаап жүргөнүн?
Ак, сары, кара түс өндүү кылып адамды Алла-Таала өзү жараткан: "СИЛЕРДИ ӨҢҮҢӨРДӨН, ТИЛИҢЕРДЕН, УЛУТУҢАРДАН, КИЙИМИҢЕРДЕН, КААДА-САЛТЫҢАРДАН БИРИ-БИРИҢЕРДЕН АЙЫРМАЛАП КОЙДУМ, АЙРЫП ТААНЫЙЫН, БИРИ-БИРИҢЕРГЕ ДА ТААНЫТАЙЫН, АР БИРИҢДИ ӨЗГӨЧӨЛӨЙҮН ДЕДИМ"- деп.
Бетин жабуу менен паранжа жамынгандар Алла-Тааланын өзүнө акаарат келтирип жатканын аңдайт болду бекен?
Менин түшүнүгүмдө, бет деген көчүк же жыныстык жер эмес, уялып, жаап жүргүдөй. Кудай берген бетин жаап жүргөндөр бир жаман нерсесин жашырып жүрүшөт деп шек санайм.
Макул, бет көчүк менен катар уят нерсе экен деп коелу! А бул аялдар бетин жапканга чейин миллион эркек, миллион аял, миллион бала-чака көрүп койбодукпу, арман күн! Ага арданып, уялып, өлүп калбай кантип басып жүрүшөт.
Мен кыргыз президентинен, парламенттен, өкмөттөн, КР Дин башкармалыгынан: Кыргызстанда дин туткан мусулмандар үчүн Ханафи масхабынын (улуттук маданиятты, тилди, каада-салтты сыйлаган дин мектебинин) эрежелери кабыл алынып, (дин туткандар үчүн гана, КР бейдин өлкө, мамлекет менен дин бири биринен бөлүнгөн) тайбай аткарылышын, диний экстремизмге жол берилбешин талап кылам!