Министрлер Кабинети Бишкек ЖЭБин жаратылыш газына өткөрүү маселесин карап жатканын Акылбек Жапаров билдирди.

Ал "Түтүн менен күрөшүү: экологиялык көйгөйдү чечүүнүн практикалык жолдору" аталыштагы тегерек столго катышты.

Ал белгилегендей, борбор калаада экологиялык абалды жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдарды кабыл алуу зарыл. Экология калктын ден соолугуна түз таасирин тийгизүүдө.  

"Учурда ЖЭБди газга өткөрүүнүн баасын эсептеп жатабыз. Союз убагында ЖЭБ газ менен ийгиликтүү иштеп келген. Ошол эле убакта отканаларыбызды энергиянын альтернативдүү булактарына өткөрүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна ишенебиз", - деди Акылбек Жапаров.

Ал эми экологияга терс таасирин берген дагы бир жагдай -  Бишкектеги транспорт көйгөйүнө токтолуп,  көйгөйдү чечүү үчүн жыл аягына чейин Бишкекке газ же электр энергиясы менен жүргөн 380 автобус келерин белгиледи.

Ошондой эле Кытайдан дагы 1000 автобустун келиши күтүлүүдө, алардын көбү газ менен, бир аз бөлүгү электр энергиясы менен жүрөт.