“Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту. Анда Нишанов 2023-жылдын I-кварталындагы өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Ал белгилегендей, "Кыргызнефтегаз" ишканасы тарабынан 2023-жылдын 1-кварталында 39 708 тонна мунай өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 43 943 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 4 235 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 110,7 пайызга жетти.

Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7 пайызды түзүүдө.

2023-жылдын 1-кварталында таза киреше 549,2 млн сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында 855,2 млн сом таза киреше табууда. Белгиленген план 155,7 пайызга аткарылды.

Нургазы Нишанов жумушчуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатында алдыда чоң жумуштар аткарылып жатканын белгиледи.

"Зорька" лагеринде жаны катедждер курулуп бүттү. Ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ысык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүп жатат", - деди ал.

Төрага жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Эске салсак, Нургазы Нишанов "Кыргызнефтегаз" ААКнын жетекчилигине 2021-жылдын соңунда дайындалган. Иштиктүү, билимдүү жаш кадрдын келиши ишкананын жашоосуна экинчи дем бергени иш жүзүндө далилденүүдө. Ал жетектегенден баштап ишкананын иши ырааттуу кетип, жаңычылдыктар арбын болуп жатканы белгилүү.

Нургазы Нишанов ишкананын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келатат. Жакында Кыргызстандын 500 миллион тонна углеводороддорду өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бардыгын айтып чыкты. Ал эми чалгындоо иштери 10 миллион тонна углевороддор бардыгын белгилеген. Бирок аны жер алдынан казып алууга бир катар жабдыктар керек болоору маалым эмеспи. Нишанов күч аракетин ушул тарапка буруп, жаңы бургулоо станокторун сатып алууга аракеттенүүдө. Өткөн жылы ишкана 15 миң 821 литр бензин, 5 миң 292 кубометр дизель, 72 миң 130 тонна мазут өндүргөн. Жыйынтыгында, киреше 2 миллиард сомду түзгөн. А быйыл алгачкы үч айдын эле көрсөткүчү эле көңүл кубантаарлык болууда. Бул жетекчиликтин түздөн түз иш билгилиги экенин белгилей кетпесек болбос. Анткени жаңы техникаларды сатып алышты.

Буйруса, ишкана ишмердүүлүгүн ушул ыргак менен ийгиликтүү уланта берсе, Кыргызстан мунай заттарына болгон муктаждыгын өзү чечип калаары бышык.