Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин депутаттарына Акыйкатчылыктын бир жылдык ишмердүүлүгү боюнча отчет берип жаткан маалда өзүн ишенимсиз көрсөттү. Депутат Гуля Кожомкулованын "Колуңузду көкүрөгүңүзгө коюп айтыңызчы, өзүңүздүн ишмердүүлүгүңүзгө кандай баа бересиз?" - деген суроосуна "Башкы прокуратура менин ишмердүүлүгүмдөн эч кандай мыйзам бузуу тапкан жок", - деп жооп берди.
Акыйкатчынын суроону дароо мыйзам жагына бурганы Кожомкуловага гана эмес, угармандарга да түшүнүксүз болду. Акыйкатчылыктын эмгек жамаатынын билдирүүсүнө чейин. Качан гана эмгек жамаатынын жетекчисинин катачылыгын ашкерелеген билдирүүсү жарыялангандан соң Абдрахматованын теңирден тескери кеткен жообунун жандырмагы табылды.
Акыйткатчылыктын кызматкерлери Атыр Абдракматованын ишмердүүлүгүндөгү 9 кемчиликти далили менен белгилешкен:
1 - далил: Өзүнүн ишинин жыйынтыгы тууралуу берген баяндамасында, бир жылдан ашык иштеп ага кайрылган элдердин болгону 7,5 % оңунан чечилген, бул көрсөткүч дагы чыныгы укук бузулган учурлар эмес экенин белгилесек болот! Эми ошол 7,5 % көрсөткүч деле кызматкерлердин күнүмдүк иши.
2 - далил: Акыйкатчыга 3500 кайрылуу келип түшсө, укугу бузулду деп болгону 46сы далилденген, анын дагы жарымынан көбү четке кагылган, башкача айтканда 0,7 % гана ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө алды!
3- далил: Резонанс болгон гана иштер менен алек, анткени ал коомчулукта жана НПОлордо хайп алып келчү жана пиар кылууга ыңгайлуу, бул маалыматты ырасташ үчүн Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн чагылдырган маалыматтарды интернеттен көрсөңөр болот. Бирок алар дагы конкреттүү жыйынтыктуу иш аракеттер менен коштолгон жок. Анткени маалыматтардын баарына Акыйкатчы көңүл бурат, Акыйкатчынын контролунда жана ушуга окшош маалыматтар.
4- далил: "Баткенге 4 жолу барып келдим",- деди, бирок жыйынтыгында Баткен элинин жашоосун оңолушуна системдүү кандай иш алып барылды жана жыйынтык болду? Бийлик алып барып жаткан иш кандай алып барылып жатса ошондой алып барылып жатат, колунан келгенин аткарып жатышат. Акыйкатчы катары негиздүү сунуштарын бийлик органдары менен биргеликте иштеп чыгып мүмкүнчүлүккө жараша мыйзамдын алкагында алып барса болот беле?
5- далил: "Мигранттардын укугун коргоп салдым" деп жар салды, бирок тескерисинче буга чейин жакшынакай түптөлүп калган элге жардам көрсөтүүчү механизмдер иштебей калды. Ал эми келген арыздар мурун кандай каралса ошондой каралып жатат. "Меморандум түздүм" дейт, андай меморандумдар ага чейин деле бар болчу, жаңылап жана бир эки өзгөртүү киргизгени тоону томкоргондой болуп жатса керек. Атыр Акыйкатчы болгондон бери бир дагы коомдук башталгычтагы Россия Федерациясында кенешчи дайындаган жок, алар менен иш алып барылган жок, жыйынтык жок!
6- далил: Акыйкатчынын мыйзамда каралган 23 укугу бар. Тилекке каршы анын 2-3өө эле колдонбосо, калганы элге кызмат кылган жок. Бул маалымат Абдрахматованын баяндамасында ( отчетунда) тастыкталып жатат. Эң маанилүү иши катары бул системдүү укук бузууларга алып келип жаткан жагдайларды аныктап, тийиштүү мыйзам долбоорлорун сунуштоо болуп эсептелет. Бир дагы андай мыйзам сунушталган жок.
7- далил: Карапайым калктын чыныгы көйгөйлөрүн ойлогон Акыйкатчы биринчи ирет кандай мыйзам менен иштеп, элге жапырт жардам бере алам деп ойлойт. Акыйкатчыга андай мүмкүнчүлүк түзүлүп, даражасы бийик болгон Акыйкатчы жөнүндө "Конституциялык мыйзамды кабыл ал" деп баш мыйзам какшап жатса да, аны ишке ашыра алган жок. Атырдын эң чоң айыбы ушул, бир жылдан ашык иштеп бир долбоор киргизип койсо, балким мыйзам кабыл алынып калса, канчалаган, балким миңдеген карапайым элге жардамы тийип калат беле?
8-далил: Ою түз эл аралык уюмдар, НПОлордун негизги максаттары чыныгы өзгөрүүгө алып келчү туруктуу, системдүү негизгиси жыйынтыктуу долбоорлорду ишке ашыруу. Бирок Акыйкатчы катары Атыр Абдрахматова бир дагы системдүү өзгөрүүнүн пайдубалын түптөй алган жок, ачуу кыйкырык, скандал, каралоо, пиар убактылуу көйгөйлөр жаатында төш кагуу.
9- далил: Абдрахматованын апыртмалары: бардык кызматкерлери сабатсыз, алар жалган айтып жатат, Абдрахматованы ак жеринен каралап, иштегиси келбей жатат, көнүп калган 17-20 жылдан бери иштеп келаткан кызматкерлер интрига менен эле алек ж.б. Жогорку Кенеште комитетте Г.Кожокулова суроо берип жатканда Абдрахматованын жоопторунун жарымы жалган болуп чыкты. Мисалы, "Ноокенге бардым", - деди эле барбаптыр, "Башкы прокуратура 2 корутунду берди", - деди эле, биринчиси жумуштан кеткен кызматкерлердин арызы боюнча бериптир, бирок экинчиси чыга элек экен, жөн жерден жалган айтып коомчулуктун көзүнө чөп салуу болду. "10 бош орун атайын чет өлкөлөргө өкүл болушу үчүн албай жатам", - дегени дагы калп, чын болсо өкүлчүлүк ачуу боюнча эки мамлекет бирдей тааныган документ барбы? Же он кызмат ордун түзүү боюнча алдын ала түзүлүүчү эсеби, сметасы барбы? Эгер өкүлдөр ачылса консулдук кызматтан айырмасы кандай болот, жобосу барбы, албетте, жок. Бул жөн гана пиар кадам экени белгилүү. "19 бош орун бар", - деди бирок бет тырмаарлык кылып, дагы беш орунду айтпай кетти, айтор айтып отурса апыртмалары толгон токой.
Демек, Атыр Абдрахматова ишмердүүлүгүн толук кандуу жүргүзө албай жатканын билет, бирок аны моюнуна алгысы келбейт. Ошондуктан мындай суроодо жакшысы мыйзамдан чыкпаганын гана белгилөө ал үчүн пайдалуу.