- Меңди эже, башпрокурор Курманкул Зулушев жер мафиясы боюнча катуу иштеп жатат. Негизи жер басып алып, аны майдалап сатып, байыгандарды туура эле жазалап жатабы?

- Бизде жер маселеси өтө көйгөйлүү маселелердин бири (дүйнө жүзүндө жер, суу, таза аба) эмеспи. Алакандай жерибизди кертип- кесип жака -белдеги коңшуларга белектегенибиз аз келгенсип, ичи арада жерди  пулдаган шылуун, пайдакеч, кара жемсоо карөзгөйлөрдүн айынан не деген орду толгус окуя болуп жатат. Жакында эле аял башы менен алдамчы, жер сатып туйтунган аялдар, эркектер кармалып, жоопкерчиликке тартылды.

Мындай шылуундук, ээн баштык эгемендик алгандан бери күчөдү. Жер берем деп мамлекеттин жерин атасынан калган мурастай майкандагандардын кээ бири өлүп тынды деп уккам. Уккан кулакта жазык жок. Ал эми кээ бир аткаминерлердин жүздөгөн гектар жерлери бар деп да угабыз. А чынында жөнөкөй жарандар 4 сотых жерге зарбыз. Бизден да жер алып берем деп баа башын алып, үч жылдан бери упчу сордуруп жүргөндөр бар.

Ушул жылдан бери Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушев өзү катуу киришип, бул көйгөйлүү, дегеле чечилбеген чийе түйүндүү ишти бир четинен жөнгө салып келатканы мага окшогон миңдеген жарандарды кубантып атат.

Ушул ырыскылуу борборумда жашаганыма 63 жыл болду. Эл алган 4, 5 сотых жер, дача салып, эс алганга жай жок!

Ал эми айла амалдуу, шылуундар гектарлаган жерди сатып чалчакташып жыргашууда. Бул багытта алгылыктуу иши үчүн, жалпы элди ойлогон калыстыгы үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевге чоң рахмат. Гектарлаган жерлерди уурулардын сасык кекиртектеринен сууруп чыгып атат.

Жер мафиясына жараткан ыймансыздардын колун кесип, жолун тазалоо, аларды айосуз жазалоо так ушул Курманкул Зулушевдин гана калыс аракетинен, мыкты командасынын колунан гана келет! Ишеним чоң!