УКМКга Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын үстүнөн даттануулар келген. Аларды кароо учурунда аталган соттун судьясы К.Н.Т. тарабынан каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн ортомчулар аркылуу 2000 доллар опузалап талап кылуу фактысы аныкталган. Судья эгерде сураган акчасын беришпесе, соттолуучуну белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыраткан чечим чыгараарын айтып коркуткан.
Буга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында, судья тарабынан Ленин райондук сотунун аппарат кызматкерлерин, ошондой эле жакын досторун тартуу менен соттолуучулардан акча каражатын алуу максатында уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын анык фактысы такталды.
Айыпталуучулар берген акчаны соттун аппаратынын кызматкерлери алышкан дагы, андан ары судьянын досуна өткөрүп беришкен, андан кийин гана судья өзүнүн жеке коопсуздугун камсыздагандан соң акчаны алган.
Белгилей кетсек, бул кылмышка тиешеси бар ар бир адам "кызматына жараша" опузалап алынган каражаттардын белгилүү бир суммасын алып турган.
"2023-жылдын 20-апрелинде накталай акча түрүндө пара алуу учурунда бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, алардын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМКга жеткирилген.
2023-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун адиси Ш.Ч.Т. жана ортомчу, судьянын досу Т.М.Т. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Ошону менен бирге, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык судьяны жаза жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу процедурасы башталат", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.