2010-жылдагы июнь окуясын уюштуруучуларынын бири УКМК жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен иш аракеттеринин натыйжасынды кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, 22-апрелде кармалган Караматхон Абдуллаева Ош коогалаңын уюштурууга айыпталган. 2014-жылы 16 жылга сырттан соттолгон.  

Учурда ал Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул боюнча Ош милициясы кошумча маалымат берет.