Салык системасындагы туруктуу коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК Мамлекеттик салык кызматынын органдарындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча иштерди жүргүзгөн.
Жыйынтыгында, салык кызматынын Чүй облусунун Москва району боюнча башкармалыгында коррупциялык схема табылган. Аталган башкармалыктын айрым кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарына мүлк салыгы боюнча салыктык карызы жок экендиги жөнүндө маалым каттарды берүү учурунда опузалап жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын талап кылышкан.
Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган салык башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору У.П.А. жана башкармалыктын аталган рейддик салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору С.А.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, ыйгарым укуктарынан аша чабышкан. А.Д.А. аттуу жаран кыймылсыз мүлккө укуктар боюнча мамлекеттик каттоо органдарына күбөлүк берүү, салыктык текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча салык карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүүнү суранып кайрылганда, аталган кызматкерлер оң чечим (карызы жок деген) чыгарып беребиз деп 100 миң сом талап кылышкан.
20-апрелде У.П.А. жана С.А.Б. талап кылышкан сумманын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалышты. Учурда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.