ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, Казакстанстандан Кыргызстанга 7 млн 500 миң сомдон ашык суммадагы товардык-материалдык баалуулуктарды тиешелүү жүк ташуу документтери жок мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду. 

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 млн сом өлчөмүндөгү милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй койгондон келтирилген зыян аныкталып, мамлекеттик бюджетке толугу менен кайтарылды.

"Учурда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо туралуу ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет УКМК.