- Май айынан баштап, электр энергиясынын тарифи жогорулап, 23 тыйынга кымбаттары айтылууда. Энергетиктер  тетиктердин эскилиги жеткенин айтып, тарифти көтөрүү аргасыз кадам экенин түшүндүрүшүүдө. Эл муну туура кабыл алабы? 

- Өкмөт жалпы энергетиканы субсидиялап, тарифти 30 жылдан бери тармак таптакыр токтоп калбасын деп бюджеттен акча бөлүнүп келген. Бул саясий чечим,  бирок экономиканын мыйзамдарына дал келбейт. Демек, бир күнү бул тармак урап жок болот. Мындай абалга саясатчылар күнөөлүү болот. Тарифти көтөрүү аркылуу гана өкмөт башка жактан акча тартпайт. Тарифти жасалма жол менен ооздуктоо боюнча популисттик аракеттер башка максаттарга – пенсияларды, бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө, мектеп, бала бакчаларды курууга жана башка максаттарга жумшала турган ресурстарды тартууга алып келди.