- Май айынан баштап, электр энергиясынын тарифи жогорулап,  23 тыйынга кымбаттары айтылууда. Энергетиктер  тетиктердин эскилиги жеткенин айтып,  тарифти көтөрүү аргасыз кадам экенин түшүндүрүшүүдө. Эл муну туура кабыл алабы? 

- Май айынан баштап, электр энергиясы 23 тыйынга  кымбаттайт дешүүдө. Ошол менен электр тармагында жыртык тешиги бүтөлүп, элдин керектөөсүн жапса, кышкысын свет өчпөсө болду. Акыркы 15 жылда элдин саны дагы көбөйдү. Кошумча электр күчүн сарптаган ишканалар, турак-жайлар көбөйүп жатат. Ошон үчүн электр энергиясынын баасынын жогорулаганын  туура түшүнүшүбүз керек.