Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү А.у.Т. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, кармалган кызматкер кылмыш жазасы менен коркутуп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарын токтотуп берүү үчүн арыз ээсинен 100 000 сом талап кылган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Кармалган кызматкер козголгон иштин алкагында соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 12-июнуна чейин камакка алынып, Ош шаарынын №5-тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.