Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
"Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-аракеттерди улантууда.
Мамлекеттик бюджетти толтуруусу түздөн-түз көз каранды болгон фискалдык органдардагы коррупцияга каршы күрөшкө улуттук коопсуздук органдары тарабынан өзгөчө көңүл бурулат.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу МСК) кызматкерлеринин тобу жеке кызыкчылыгын көздөп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, салык төлөөчүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгында төлөнүүгө тийиш болгон 100 миллион сомдон ашык сумманы атайылап азайткандыгы УКМКнын назарына түшкөн.
Келип түшкөн материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору камакка алынган, аларга тиешелүү айып тагылган. Сот баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу КР УКМК коомчулукка маалымдайт", - деп айтылат билдирүүдө.