- “Аю” компаниясы мамлекетке өткөнүн айрымдар рейдерлик күч алды десе, кээ бирөөлөр инвесторлорду чоочуттук деген мүнөздөгү ойлорун айтышууда. Салыкты жашырып, акцизди жасалма кылып, спиртти контрабандалык жол менен ташыганы үчүн спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатканы туура элеби?
- Бул ынанымдуу кадам болду. Аю компаниясынын арак заводу менен спирт заводу мамлекетке өттү. Башка жеке менчик колго эмес. Андан тышкары, бул тармактын экономикага эле эмес, калктын ден соолугуна түздөн түз тиешеси бар үчүн мамлекет башкарганы ырас эле болду. Менин оюмча мамлекеттик ишканаларды да улутташтыруу мезгили келди. Мамлекеттик ишканалардын бир эле кожоюну жана башчысы болушу керек – мамлекет деген. Азыр алар акционердик коом болуп жеке ишкана катары башкарылат.