Баткен облусундагы "Кулунчак" бала бакчасында иштебеген адамдар үчүн мамлекеттен айлык алуучу схема иштеп турган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматта белгиленгендей, бул факты УКМКнын  Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган.

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинин жетекчилиги бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланып келишкен. Анда иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилген. Мамлекеттен мыйзамсыз алынган каражатты бала бакчанын жетекчилиги өздөрүнө алышкан. 

Жогорудагы фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.