Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик кыймылынын (ДЭК) экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Йакын-Инкар” ДЭКнын мүчөлөрүнүн ишмердигине бөгөт коюуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Аны менен катар Балыкчы шаарындагы экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү менен алдын алуу жана профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. 

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Йакын-Инкар” ДЭКнын активдүү мүчөлөрүнүн бири 1977-жылы туулган А.А.С. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.