- Эмилбек Мырзакулович, өткөндө "кезекке туруп, үй алуудегенди ишке ашырам, эки-үч үй курулат" дедиңиз эле. Ал үйлөр качан курулат жана кимдерге берилет?

- Буюрса, ал үйлөрдү быйыл баштайбыз деп турабыз. 25-апрелде бюджет каралат. Бюджеттен  бекитип берсе эле мэрияга караштуу  участокторго үй куруп  баштайбыз. Былтыр мектептер менен жүрүп, көп нерсеге кол жетпей калган. Быйыл буюрса, ошол үйлөрдү баштайбыз. 

Буюрса, ал үйлөрдү "Тазалыкта" 30-40 жылдан бери иштеп, көчө шыпырып жүргөндөргө жана шаарды жарыктандырууда күнү-түнү иштегендерге берели деген максатыбыз  бар. Бүт өмүрүн шаардын тазалыгына, шаарды  жарыктандырууга  арнагандар да үйлүү болушу керек. Алардын да жакшы үйдө жашаганга акысы бар. Башка министрликтердей эле мэрия да үй куруп, өз кызматкерлерин үй менен камсыздап, камкордукка алышы керек.