“Актилек-авто унаа” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына спирт ичимдиктерин ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы “Актилек-авто унаа” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагына тиешелүү лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз ташып келүү аракетине бөгөт койду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында спирт ичимдиктерин сатуу жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ишкердик кылган субъекттердин бири тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келингендиги аныкталды. Натыйжада “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа кармалып, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 1800 литрге жакын.

Азыркы учурда Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.