Россельхознадзор Кыргызстандын компетенттүү органдары Россияга продукцияларды экспорттоодо ветеринардык көзөмөлдү жетиштүү жасабайт деп эсептейт. Мындай маалымат аталган орусиялык кызматтын сайтына жарыяланды. 

Анда Кыргызстандан алынып барылган халал колбаса Россельхознадзор тарабынан текшерилип, жыйынтыгында курамынан чочко эти жана соя табылганы белгиленген. Колбаса өндүрүүчү Кыргызстандын Чүй облусунда жайгашкан "Халал" стандарты боюнча технологиялык рецепттерди так сактоо менен эт азыктарын чыгарган компания экени айтылган. 

Тез эле аталган компания "Тойбосс" компаниясы экени белгилүү болду. 

"Тойбосс" билдирүүсүн таратты. 

"Акыркы күндөрү Кыргызстандын адал колбасаларынын ичинен чочконун ДНКсы табылганы тууралуу маалымат түшүүдө.

Кардарларыбыздын тынчсыздануусун түшүнөбүз, биз эч качан адал эмес этти колбасага колдонгон эмеспиз, мал союда шарият мыйзамдары так сакталат деп ишендиребиз!

Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция Халал стандарттарынын шайкештигине текшерилет. Халал колбасалардын ичинен дал биздин бренд БАЭ жана Катарда жана Турцияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан.

Тойбосс компаниясынын 3 Халал сертификаты бар:

-Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;

-Кыргызстандын Халал индустриясын өнүктүрүү борбору;

-Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.

Тойбосс ар бир кардар менен ачык иш алып барууга дайым даяр.

Белгилүү болгондой, биз ар дайым экскурсияларды өткөрүп, өндүрүштүн видеолорун жарыялап келгенбиз, кардарлардан жашыра турган эч нерсебиз жок. Биз дайыма сиздер менен чынчыл мамиледе болгонбуз жана дагы да ачык иш жүргүзүүнү уланта беребиз!

Биз сиздин ишенимиңизди жогору баалайбыз жана кандай кырдаал болбосун, Исламдын жана адеп-ахлактын негиздеринен чыкпайбыз!" - деп жазылды билдирүүдө.