Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан УКТнын мүчөсү С.А.С. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган адам шериктери менен ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жаранды жеке ишкерди күч колдонуп унаага салып, Бишкектин четине алып барышып, физикалык күч колдонуп, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылышып, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкени аныкталды.  

Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) фактысынын негизинде кылмыш иши козголуп,  кармалган адам КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жоюу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.