Быйыл Кыргызстанда айыл чарбаны өнүктүрүү максатында "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоору ишке кирип, дыйкандарга 3 миллиард сом жеңилдетилген негизде насыя катары берилип жатат. Бирок Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев насыяны дагы деле тааныш-билиштик аркылуу берип жатышканын билдирди. 

"Жеңилдетилген насыяны ала албай нааразы болуп жаткандар көп. Алты пайыз менен берип жатабыз дешет, бирок элге жеткен жок. Баягылар эле алып, жолун таап жатышат. Ошондуктан карапайым элге жеткирүүнүн жолун издешибиз керек. Болбосо элди экиге бөлүп, ызы-чуу кылбай жөн эле коелу", - деди депутат.