Тажик аскерлери тарабынан күлгө айланган Капчыгай айылы кайрадан түптөлүп жатат. 77 үйдүн 20сы ээлерине тапшырылып, электр энергиясын туташтыруу иштери аткарылууда. Мындан сырткары ички жолунун курулушу да башталды.

Капчыгайлыктар мындан ары тынчтык болуп, кыйынчылык учурда жардам колун сунган элге ыраазы экендиктерин айтышты. Ошол эле маалда көңүл сыртында калтырбай бардык шартты түзүп берип жаткан кыргыз бийлигине да рахматын жашырышкан жок.