4-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "5-канал" жана "Пирамида" каналдары жоюла турганы белгилүү болгон. Бүгүн парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов бул боюнча маселе көтөрдү. 

Анын айтымында, аталган каналдардын жумушсуз калган кызматкерлерин жумуш оруну менен камсыз кылуу керек. 

"Телеканалдарды жоюу чечимин Министрлер Кабинети кабыл алды. Бирок канча деген кызматкерлер жумушсуз калды, арасында ошол телеканалдарда 30 жылдан бери иштеп келаткандар бар экен. Ошондуктан, аларды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзүү керек", - деген ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, протоколдук тапшырма берүүлөрүн суранды.