26-мартта соцтармактарда белгисиз жарандарды сабагандардын видеосу тараган. Бул коомчулукта чоң талкууну жаратты. Мындан улам видеодогу жарандардын аракетине укуктук баа берүү иши ИИМ министринин жеке көзөмөлүнө алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБдин тергөө кызматы менен биргеликте видеодогу жарандар боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Белгилей кетсек, видеодо өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар күрөөчү деп аталган жарандарды ээн жерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаты үчүн кечирим суратышкан.
Бул көрүнүштү шектүүлөр кураторлоруна жөнөтүү үчүн камерага тартышканы белгилүү болгон.
3-апрель күнү Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган.
Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды Кызматтын өзүнө же сизге жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.
Кызматтын түзүмүндө интернет мейкиндигин күнү-түнү көзөмөлдөгөн адистештирилген бөлүм бар. Өткөн жылы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 230 кг ашык психотроптук заттар алынып, 10 жакын баңгилабораторияларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
"Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын коноктору, тез акча табуу үчүн ар кандай сунуштарды кабыл албагыла! Баңги топторунун мүчөлөрү жаштарды мыйзамсыз иштерге тартуу үчүн ушундай айла-амалдарды колдонушат. Шектүү киреше табуу сизди жана жакындарыңызды кыйратышы мүмкүн!" - деп айтылат ИИМ тараткан маалыматта.
