- Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектептерде акча чогулткандарга 20 миң сомго чейин айып салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, иштейби же баары бир деле акча чогултуу орун ала бере береби?

- Министрликтин акча чогултууга каршы мыйзам керек экенин билип, ошону көтөргөнү колдоого арзый турган иш. Бирок ошол маселени ичинен билген адам гана бул иштин канчалык олуттуу экенин билет. Айтайын дегеним, 20 миң сом төлөп коюу кармалган мугалим үчүн чымын чаккандай деле болбойт. Бир айда жүз миңдеп  чогулткандар бар. Анын ичинен жыйырма миңди ай сайын айыппул катары төлөсө деле макул. Бул жазаны күчөтүшүбүз керек. Мисалы, директорлук кызматтан кетүү айрым мектеп директорлору үчүн атууга кеткендей эле катуу тиет. Ошондуктан кайсы мектептин директору акча чогултууга жол берсе кызматтан алынат деген маселени ошол  мыйзамга кошуп коюуу  өтө зарыл. Айыппулдун көлөмүн да жүз миңге чыгаруу керек. Менин бул мыйзамга кошумчам ушул.

Ошондой эле мыйзам кабыл алынса иштеш -иштебеши коомчулукка байланыштуу. Эгер мыйзамды талап кылып, колдоп, мыйзамды ар бир мугалимдин мурдуна такап турушу керек. Бирок андай ата-эне чыга калышы кыйын.