- Жаныбек Абировдун мандаттан баш тартканын эрдикке теңеп жаткандар болууда. Чын эле ошондойбу?
- Мен анын бул кадамын биринчи кезекте мыйзамды сыйлоо деп айтат элем. Аны комиссия бербейт болчу, бирок коомчулуктун күчү бул жерде билинди, жетекчилер көңүл буруп, жалпы коомчулук реакция кылып ушундай көрүнүш болуп жатат. Комиссия бербей койсо, мыйзам боюнча отура берсе болмок, бирок анда коомчулукта кандай жагдай жаралмак. Жогорку Кеңешке болгон ишеним кандай болмок.