“Тазалык” муниципалдык ишканасынын экс-директору мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурду. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Эске салсак, 22-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана жок кылуу, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору Сарпашов Р.А. кармалган. 

Ошол эле учурда, Р.Сарпашов “Тазалык” муниципалдык ишканасынын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга багытталган акча каражатын ыйгарып алуу боюнча күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурду. Ошондо 5 млн 167 миң 600 сомду мамлекетке которду. 

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Р.Сарпашовго карата 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

Учурда Р.Сарпашовго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ал тарабынан мүмкүн болгон башка мыйзамсыз аракеттердин фактылары текшерилүүдө.

Р.Сарпашев боюнча иш сотко өткөрүлүп, анда маңызы боюнча каралат.