Кыргызстандагы республикалык олимпиадага "Сапат" билим берүү мекемесинен 77 окуучу катышып, алардын 18и байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу журналист Мирлан Дүйшөнбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Сапат" Эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды 30 жылда базасы мыкты билим берүү мекемесин түзүп, уюштурууга жетишиптир. Өзү жок болсо да, анын «детищеси» болгон «Сапаттын» окуучулары өздөрүнүн окуудагы мыктылыктарын көрсөтүшүп, «Сапатта» чыны менен сапаттуу билим берилерин далилдеп келатышат. Бул бир жагынан азыркы президенти Нурлан Кудайбердиевдин да ийгиликтүү башкаруусунун жемиши экенинде талаш жок.
Сапатчылар Кыргызстандагы олимпиадаларды мындай коёлу, эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешип, өлкөбүздүн абийирин жаап, намысын коргоп келишет. Бул ирет өлкөбүздө өткөн республикалык олимпиадаларга «Сапаттан» 77 окуучу катышып, 36 байгелүү орундун 18ин "сапатчылар" ээлешиптир. Бул айтканга оңой болгону менен зор жетишкендик, сапаттуу билим берүүнүн таасын көрсөткүчү.
Орхан Инанды алыскы Түркиядагы абакта жатса да, Кыргызстандагы сапатчылардын ийгиликтерине төбөсү көккө жете кубанып, андан дем-күч, кубат алып атса керек…" - дейт Мирлан Дүйшөнбаев.