Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиясындагы жол кырсыгынан каза болгон жана жабыркаган зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар жоктугун билдирет.
Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.
Эске салсак, Сауд Аравия Падышалыгында зыяратчылар жол кырсыгына кабылганы белгилүү болгон. Анда Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.