ICA эл аралык агенттиги менен Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана жер астында сактоо системасы биринчи жолу Бишкек шаарында орнотулду.

Учурда борбор калаада гана эмес өлкө боюнча таштандыларга байланыштуу бир катар көйгөйлөр бар. Таштандыларды чогултуучу жайлардын, контейнер-урналардын тазалыгын, экологиялык коопсуздукту сактоо менен бирге шаарды эстетикалык жактан көрктөндүрүү зарылдыгы бүгүнкү күндүн талабы жана заманбап технологиялар буга толук мүмкүндүк берет.

Таштандыларды жер астында сактоо системасын орнотуу Бишкек шаарын көрктөндүрүү менен бирге бир топ социалдык маселелерди чечет:

- жер үстүндө үйүлгөн таштандылар болбойт, таштанды жыйнап ташуучу унаа кызматкерлеринин иши жеңилдейт;

-  контейнерлерди ашыкча толтуруу, жанында же ичинде тиричилик таштандыларын өрттөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгат;

- таштанды контейнерлерин пайдалануунун мөөнөтү узарат;

- эстетикалык жактан көрүнүшү жагымдуу болуп, санитардык жактан таза жана пайдалануусу оңой болот;

- жагымсыз жыт жоголот;

- айланасында контейнерлердеги таштандыларды чукуп, төккөн үй-жайсыздар болбойт;

- айланасында топтолгон жолбун жаныбарлар – ит, мышык, канаттуулар ж.б. болбойт;

Жогоруда айтылган системадан Бишкек шаарында дагы 3 жерде коюлат.

Бара-бара Бишкек шаарын толугу менен жер астындагы контейнер системалары менен жабдуу максатталууда.

ICA (Агентство интернэшнл консалтинг) эл аралык агенттиги 2016-жылы Бишкекте негизделген. Кыргызстанга инвесторлорду тартуу жана  Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда экономикалык кызматташууга көмөк көрсөтүү багытында иштейт. Бишкек шаарына Түркиядан өндүргөн катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана жер астында сактоо системасын алып келген дистрибьютер агенттиктин башкы директору Мустафа