«Альфа Телеком» жабык акционердик коомунда жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу боюнча факты аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, «Альфа Телекомдун» IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси  IT жабдууларын сатып алууда тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баа койгон.

 Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда, 20 миллион сомго жакын деп алдын ала белгиленди.

Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Тергөө иштери жүрүп жатат.