- "Президент чет мамлекетке иш сапар менен барган сайын кымбат учак менен учуп, чоң чыгым болуп жатабыз. Катардагы эле рейс менен учса эмне болмок эле" дешет. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Өлкө башчы - бул өлкөнүн, мамлекеттин, жалпы элдин, улуттун катчысы. Демек, жалпы эл, улут, мамлекет биздин туубузду бийик көтөргөн президентибизди ак боз атка мингизип жөнөтүшү керек. Бул салт жеке эле өлкө башчыларына эле эмес, жалпы мамкызматкерине тиешелүү. Анткени алар элдин камын көрөлү деп иштерин жүргүзөт .