Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларында абал туруктуу экенин билдирди. Мындай маалыматты 27-мартка карата УКМКнын Чек ара кызматы таратты.

Анда айтылгандай, 25-мартта Баткен районуна караштуу Чыр-Дөбө айылында кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага милиция кызматкерлери, чектеш аймактардын айыл башчылары катышты.

Тараптардын жолугушуусуна тажикстандык жарандардын Көк-Таш айыл аймагындагы Дам-Арык тилкесине көчөт тигүү аракети себеп болгон. Сүйлөшүүнүн жүрүшү менен аталган тилкедеги бардык иш-аракеттер токтотулган.

22–мартта Өзбекстандын Сох анклавынын тургундарынын ушундай эле иш-аракеттерине кыргыз-өзбек чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин бөгөт коюлган.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде чыр-чатактарга жана жагымсыз окуяларга жол бербөө үчүн Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү чектеш аймактарда жашаган калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүүнү сүйлөштү.