Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн жазган арызы жакынкы күндөрү каралат.

Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Бул маселе комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.

Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, бир мандаттуу округдан шайланып, түрдүү себептер менен кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болот. Аталган мыйзамдын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоону президент жарлыгы менен дайындайт. Эки айлык мөөнөттүн ичинде БШК талапкерлерди каттоо жана башка жараяндарды конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрөт.

Эгер бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же андан аз калганда мандатын тапшырса, ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт.

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына арыз жазганын бүгүн, 27-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги "Золотой дракон" ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон.

Бул окуядан кийин Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизгенин кабарлаган. Депутаттын аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан башкы көзөмөл органына материалдар келип түшкөн.

Жаныбек Абиров Жогорку Кеңешке 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округунан шайланып келген.