Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазганы белгилүү болду. Депутат жакында коомчулуктун көңүлүн бурган мушташка катышып калганы үчүн эл өкүлү болууга моралдык укугу жоктугун айтты. 

Эксперт Айбек Теңизбаев эл өкүлүнүн бул кадамын эрдик катары кабыл албайт. 

"Жаныбек Абировдун кадамын эрдик деп айта албаймын. Болгону, туура ойлонулган чечим. Анткени болуп өткөн окуя анын имиджине аябай чоң зыян алып келди. Өзүн билимдүү, маданияттуу жана спортко жакын саясатчы катары көрсөтүп келген, бирок бир окуя топтогон кадырын төктү. Эми бул негативди кандайдыр бир деңгээлде позитивдүү ойлорго айлантууда бир эле кадамы калган, ал - депуттатык мандатын тапшыруу болчу. Бул кадам аркылуу өзүнүн жүзүн сактап калууга аракет жасап жатат, ошол эле учурда акыйкаттуулукту коргоп кетти. 

 Жыйынтыгында, өлкөдөгү акыйкаттыкка көлөкө түшкөн жок", - деди Теңизбаев.